БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров Афганстанда болгон зилзаладан көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу афган элине жана жетекчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 1-сентябрга караган түнү катталып, очогу Желалабад шаарына жакын жерде болгон. Анын кесепетинен кеминде 500 адам мерт болуп, 1000ден ашууну жаракат алганы айтылды.
Бир нече айыл толугу менен талкаланып калган. Бийлик куткаруу операциясын баштап, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жүздөгөн кишини мобилизациялады.