БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер үчүн АСЕАН менен кызматташуу стратегиялык багыт болуп саналат. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Тяньцзинде (Кытай) өткөн "ШКУ плюс" иш-чарасынын алкагында билдирди.
Ал Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын башкы катчысы Као Ким Хорн менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Сагинтаев белгилегендей, ЕАЭБ мамлекеттери менен АСЕАН өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 2018-жылга салыштырмалуу 21,8 пайызга өсүп, 27,2 миллиард долларга жетти. Бул кызматташтыктын натыйжалуулугун көрсөтүп турат.
Тараптар ошондой эле ЕЭК менен АСЕАНдын 2026-2030-жылдарга карата кызматташуу программасынын долбоорун талкуулашты. Тармактар аралык өз ара кызматташууну кеңейтүү пландаштырылууда. Туруктуу өнүгүү, санариптештирүү, инновациялар жана технологиялык прогресс боюнча диалогго өзгөчө көңүл бурулат. Орто мөөнөттүү келечекке багытталган демилгелердин арасында ЕАЭБге АСЕАНдын диалог боюнча өнөктөшү макамын берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
“ЕАЭБ АСЕАН менен өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине өтүү келечегин көрүп турат. Биз ушуга байланыштуу ассоциациянын иштеп жаткан механизмдеринин алкагында мамилелерибизге жаңы статус берүүнү сунуштайбыз. Бул максат евразиялык "бешилтиктин" бардык өлкөлөрүнүн бир добуштан колдоосуна ээ болду жана биздин негизги стратегиялык документтерибизде бекитилген”, — деди ЕЭК Коллегиясынын төрагасы.