БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кытай ШКУнун муктаж мамлекеттери үчүн бакубаттулукту арттырууга багытталган 100 чакан долбоорду ишке ашырууга ниеттенип жатат. Бул туурасында аталган мамлекеттин лидери ШКУга мүчө өлкөлөрдүн XXV отрурумун ачып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кытай ШКУнун муктаж болгон мамлекеттерине быйыл эки миллиард юанга чукул каражатты кайтарымсыз (280 миллион доллар) бермекчи", — деди ал.
Си Цзиньпин болушунча тезирээк ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүгө чакырды.
ШКУнун тарыхындагы эң ири саммит 31-август жана 1-сентябрда Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүүдө. Иш-чарага 20дан ашык чет мамлекеттин лидерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.
Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө. 2024-жылдын 4-июнунда Астанадагы саммитте Беларусь кошулган. Афганстан менен Монголия байкоочу. Ал эми Азербайжан, Армения, Бахрейн, Египет, Камбоджа, Катар, Кувейт, Мальдив аралдары, Непал, Бирккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Түркия, Шри-Ланка бул диалогдо өнөктөш мамлекеттер катары турат.