БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Россия Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сунуштаган глобалдык башкаруу демилгесин колдойт жана конкреттүү сунуштарды талкуулоого кызыкдар. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан "ШКУ плюс" саммитинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Си Цзиньпин мырзанын жаңы, натыйжалуу жана иштей турган глобалдык башкаруу тутумун түзүү боюнча сунуштарын кылдаттык менен угуп чыктык. Бул демилге айрым мамлекеттер эл аралык мамиледе дагы деле үстөмдүк кылгысы келген бүгүнкү шартта өтө актуалдуу. Россия төрага Си Цзиньпиндин демилгесин колдойт жана кытайлык досторубуз айткан сунуштарды талкуулоого кызыкдарбыз", — деген Путин.
Эске салсак, учурда Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУ саммити өтүп жатат. Ага 20дан ашуун мамлекеттин башчылары жана БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.