БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарында "ШКУ плюс" форматындагы жыйында сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Саммит көп тараптуулукту жүзөгө ашыруу, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү темаларына багышталган.
"Жыл сайын ШКУнун алкагында жаңы идеялар жана демилгелер пайда болуп жатат. Күн тартиби жаңы багыттар менен толукталып, кызматташтыктын дараметин арттырууда. Уюм терроризм, сепаратизм жана экстремизм коркунучунан коргоо милдетин ийгиликтүү аткарып келе жатат", — деди Жапаров.
Өлкө башчы бүгүнкү күндө соода-экономикалык чөйрөдө чоң секирик жасоого шарттар түзүлүп жатканын, ал кызматташтыктын өзөгүнө айланышы керектигин кошумчалады. Жапаров ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин, байкоочулардын жана өнөктөштөрдүн экономикасы өнүгүп жаткандыктан күч-аракеттерди айкалыштыруунун макулдашылган механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.
"Форматты "ШКУ плюс" деп кеңейтүү биздин уюмга долбоорлордун масштабын жана каржылоосун көбөйтүүгө, ошондой эле көп сандагы өлкөлөрдүн экономикалык интеграциясына көмөктөшүүгө, анын ичинде борбору Борбор Азияда жайгашкан эл аралык транспорттук тармакты түзүүгө жол ачат", — деди президент.
Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин долбоорлоруна байкоочу өлкөлөр жана диалог боюнча өнөктөштөр, уюмга кирбеген өлкөлөр да катыша аларын, бул нерсе Азия менен Европанын ортосундагы диалогго өбөлгө түзөрүн кошумчалады.