БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жыйынга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь, Иран мамлекеттеринин президенттери жана Индия менен Пакситандын премьер-министрлери катышты.
Жапаров бүгүн кабыл алынып жаткан документтер, анын ичинде Тяньцзинь декларациясы, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин айткан. Ал ошондой эле ШКУ көп тараптуу бирикме катары калыптанып, БУУнун борбордук ролу менен эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти ырааттуу жактап жатканын айтты.
"Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимге жана Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралардын кесилиши жөнүндө келишимге кол коюлганы буга далил боло алат", — деди президент.
Жапаров эки документ тең ШКУнун негизги максаттарына: тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого, өз ара ишенимди бекемдөөгө жана аймакта пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өлкөлөрдүн кошкон маанилүү салымы экенин белгиледи.
"Бул чечимдер талуу маселелер боюнча да өз ара тил табыша аларыбызды айкын көрсөттү. Муну менен региондогу туруктуулукту, коңшулук мамилени жана узак мөөнөттүү өнүгүүнү чыңдоого өбөлгө түзүлүүдө", — деди өлкө башчы.
Президент эртеңден тарта Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы баштала турганын эскертти.
"Кыргызстандын төрагалыгы "ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү" деген ураан менен өтөт", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле Кыргызстандын төрагалыгы алдында аткарыла турган иштерге токтолду:
террорчулукка, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөш улантылат;
Бишкекте түзүлүп жаткан Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ШКУ мейкиндигиндеги эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүүдө жалпы ишке олуттуу салым кошот;
Кыргызстан ШКУнун Өнүктүрүү банкын, Өнүктүрүү фондун жана Инвестициялык фондун түзүүнү сунуштайт;
ШКУнун Жаштар санариптик форумун өткөрүүнү сунуштайт жана уюмдун аймагында санариптик трансформацияга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз салымын кошууга даяр;
климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана "жашыл" экономика жаатында биргелешкен "жашыл" долбоорлорду көбөйтүү сунушталат;
кыргыз тараптын төрагалыгынын мезгилинде Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата шаары ШКУнун туристтик жана маданий борбору болуп бекитилет.
"Кыргыз төрагалыгы ошондой эле эл аралык автомобиль жана темир жол ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштайт. Бул жаңы транспорттук каттамдарды түзүүнү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдаланууну да карайт", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий-спорттук делегацияларын 2026-жылдын күзүндө Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.