БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2024-жылы Россияда окуш үчүн 389 миң чет элдик студент тандап алынган, ал эми быйыл алардын саны 410 миңге жетиши керек.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье маалымат таратты.
Россияда чет элдик канча студент билим алат
© Sputnik_Infographics
2030-жылга карата Россияда чет элден келген студенттердин саны 500 миңге чукулдап барары күтүлүүдө. Бул туурасында аталган жылга чейинки улуттук өнүгүү максаттарына жетүү боюнча бирдиктүү планда жана 2036-жылга чейинки келечектүү программада айтылган.
Россия билим берүүнү экспорттогон ондуктагы өлкөлөрдүн катарына кирет. 2024-жылдын жыйынтыгы менен алганда жетинчи орунду ээлеген (рейтингде сырттан эмес, күндүз окугандар гана эске алынат). Бул маалыматтар Эл аралык билим берүү институтунун отчетунан алынды.
Айтмакчы, 2017-жылдан тарта Россия "Билим берүүнүн экспорту" деп аталган федералдык долбоорду ишке ашырып келет. Ал россиялык жогорку окуу жайлардын эл аралык аренадагы атаандаштыкка туруктуулугун арттырууга багытталган.