ШКУ эл аралык аренада таасирин арттырууда. Путин саммитте токтолгон маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Кытайдагы саммитте ШКУ эл аралык маселелерди жөнгө салып чечүүдө таасирин акырындык менен арттырып жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
РФ лидери токтолгон негизги учурлар:
ШКУдагы диалог Евразиядагы эскирип бүткөн Европанын жана Евроатлантиканын борборлошуусуна багытталган моделдерге алмаштыра турган коопсуздуктун жаңы системасын түптөөгө жардам берет;
Аляскадагы саммитте өз ара түшүнүү менен жетишилген маселелер Украинада тынчтык орнотууга жол ачат;
Украинадагы кырдаалды узак мөөнөткө чейин жөнгө салуу үчүн бул көйгөйдүн негизги себептери жоюлушу керек ;
Украинадагы кризис "чабуулдан" эмес, мамлекеттик төңкөрүштүн кесепетинен улам жаралган;
Батыштын Украинаны НАТОго тартуу аракеттери — Украина кризисинин себептеринин бири;
Россия украин көйгөйү боюнча маселеде бир дагы мамлекет өзүнүн коопсуздугун экинчи өлкөнү колдонуп камсыздабашы керек деген принципти карманат;
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн соодасында, өз ара эсептешүүлөрүндө улуттук валюталар барган сайын кеңири колдонулууда;
ШКУнун алкагындагы кызматташуунун арымы көзгө дароо урунат.
Эске салсак, учурда Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУ саммити өтүп жатат. Ага жыйырмадан ашуун мамлекеттердин башчылары жана БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Путин: Кытайда өтчү саммит ШКУнун мүмүнчүлүгүн арттырууга өбөлгө болуп берет