БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн Москва менен Подмосковьеде мигранттардын кайда жүргөн-турганын көзөмөлдөп, байкоого алууну катуулата турган эксперимент башталат.
SputnikLive бул жаңы тартипте эмнелер каралгандыгын айтып берди.
Москва, Подмосковьеде мигранттарды геолокация менен көзөмөлдөп башташат
© Sputnik_Infographics
Маалыматка караганда, тиркеме азыркы тапта колдонулуп жаткан миграциялык каттоо тартибинин ордун басат. Аны аймакка иштегени келген ар бир чет элдик жаран милдеттүү түрдө чөнтөк телефонуна орнотушу шарт.
Мигранттар биометриялык маалыматтарын тапшырышы, "Амина" тиркемесине катталып, өзүнүн кайда жүргөнү көрүнүп тургандай кылышы керек.
РФ ИИМи эгерде телефон үч күндөн ашык геолокацияны көрсөтпөсө, анын ээсин каттоодон чыгарып саларын эскертишти.
Жазылган эрежелерге таянсак, эгерде мигранттар бул көзөмөлдөн кыйгап өтүүгө аракет жасай турган болсо, көзөмөлгө алынуучу адамдардын реестрине түшүп калат. Андан кийин Россиядан депортацияланарын айтышты.