Песков: кыргыз тарап Наговицынаны куткаруу үчүн колдон келген аракетин кылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргыз тарап россиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу үчүн колдон келген аракеттин бардыгын жасады. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Досторубуз (кыргыз тарап — ред.) россиялык альпинистти куткаруу үчүн жан үрөп аракет кылып жатканын билесиздер. Дрон аркылуу зарыл маалыматтар алынды. Ал бардыгыбызга маалым. Биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлигибиз кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте иш жүргүзүүдө", — деди Песков.
Эске салсак, альпинист Наговицына 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырып алган. Эртеси чет өлкөлүк эки альпинист ага жетип, уктоочу мүшөк, азык-түлүк, газ баллон таштап, аба ырайынын катаалдыгынан улам кайра түшүүгө мажбур болушкан. Жолдо бирөөсүнүн абалы капыстан кескин начарлап, 15-августта каза болгон. 16-августта окуя болгон жерге Кыргызстандын Коргоо министрлигинин куткаруучу тик учагы жөнөтүлгөн, бирок аба ырайынын начардыгынан улам кырсыктап, эки адам жабыркаган. Андагы россиялык куткаруучулар 30-августта Москвага эвакуацияланышты.
Россиялык адистер Наговицынаны куткаруу эмнеге мүмкүн болбогонун айтышты