БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча транспорт жана коммуникация министринин орун басары Талантбек Солтобаев жана "Бета групп" подрядчы ишкананын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта аларга "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" фактысы менен иш козголгону айтылат.
"Кармалгандар Нарын облусунун Ат-Башы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда бул фактыга башка дагы кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогу боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленген.
Эскерте кетсек, июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев элдин сын пикиринен улам Нарын шаарынын эки жолун жасап жаткан подрядчы компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырган.
Кечээ, 31-августта, Ташиев Сузак районундагы курулуштарды кыдырып жүрүп, телефон аркылуу Нарын шаарында жол салып жаткан ишкана убада кылган мөөнөтүнөн кечиккенин айтып, жетекчисин жана министрдин орун басарын тез арада камоого тапшырма берген.