БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Шейшембиде республиканын айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.