Учурда Кыргызстанда курулуш тармагы дүркүрөп өнүгүп жаткан кези. Бул кадамдар албетте мамлекеттин казынасына да оң таасирин тийгизүүдө.
Курулуштун өнүгүүсү социалдык муктаждыкпы же киреше алып келүүчү долбоорбу? Айрым экономисттер курулуш тармагы дайыма эле өнүгө бербей турган, качандыр бир кезде токтой турган тармак болгондуктан анын келечеги өлкө экономикасына кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн айтышат? Чынында ушундай тобокелчиликтер барбы? Болбосо бул социалдык муктаждыкты жоюу максатын гана көздөгөн мамлекеттик программабы? Биз курулуш тармагын кайсы системада өнүктүрүп жатабыз? Эмне үчүн бул багытта тандап алынган система маанилүү?
Мунун барын бүгүнкү "Экономикалык панорама" уктуруусунда талкуулайбыз.