Президент Садыр Жапаров Тяньцзинь шаарында "ШКУ плюс" форматындагы жыйында сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Саммит көп тараптуулукту жүзөгө ашыруу, аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү темаларына багышталган. Өлкө башчы бүгүнкү күндө соода-экономикалык чөйрөдө чоң секирик жасоого шарттар түзүлүп жатканын, ал кызматташтыктын өзөгүнө айланышы керектигин кошумчалады. Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин долбоорлоруна байкоочу өлкөлөр жана диалог боюнча өнөктөштөр, уюмга кирбеген өлкөлөр да катыша аларын, бул нерсе Азия менен Европанын ортосундагы диалогго өбөлгө түзөрүн кошумчалады.
Бир да мугалим арак ичип, чылым чекпеши керек. Ташиев мектеп жетекчисине ичкен, чеккен мугалимди жумушка албоону тапшырды УКМК төрагасы Жалал-Абаддагы Сатыбалды Давлетов атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышынан кийин мектеп директору менен сүйлөшүп, мугалимдик жумушка татыктуу кадрларды алуу керектигин айткан. "Балдарга тарбия берүүдөн мурда өзүбүз тарбиялуу болуп, арак ичип, тамеки чекпешибиз керек. Бир дагы мугалим мектепте эле эмес, башка жерде дагы ичип, чегип жаман жолго түшпөшү керек. Эгер ошондой мугалим болсо жетпей жатса да, да жумушка албагыла", — деген Ташиев.
Мамлекет жаш ата-энелер үчүн эки күндүк курстарды баштайт Коомдук талкууга коюлган долбоорго ылайык, жаш жубайларга ата-энелик көндүмдөрдү үйрөтүү, үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдоо жана баарлашууну жакшыртуу боюнча атайын окуулар өткөрүлөт. Программада эффективдүү баарлашуу, никенин психологиялык жагдайлары, финансылык сабаттуулук жана үй-бүлөлүк бюджетти пландоо боюнча сабактар камтылган. Бардыгы болуп өлкө аймактарынан тандалган 50 түгөй эки күндүк интенсивдүү тренингден өтөт. Бийлик бул демилге үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенүүдө.
Кыргыз тарап россиялык альпинист Наталья Наговицынаны куткаруу үчүн колдон келген аракеттин бардыгын жасады. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Досторубуз россиялык альпинистти куткаруу үчүн жан үрөп аракет кылып жатканын билесиздер. Дрон аркылуу зарыл маалыматтар алынды. Ал барыбызга маалым. Биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлигибиз кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте иш жүргүзүүдө", — деди Песков. Эске салсак, альпинист Наговицына 12-августта Жеңиш чокусунан түшүп келе жатып бутун сындырып алган. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 39 тыйынга евро 102 сом 5 тыйынга рубль 1 сом 9 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 68 сом 40 тыйындан баштап, 69 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 90 тыйындан 75 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 75 сом 40 тыйындан тарта 75 сом 80 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 2-сентябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шейшембиде республиканын айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +23...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.