Нурболот Өмүркулов өмүрүн музыкага арнаган адамдардын бири. Баш аягы 10 жылдай музыкалык билим алган. Азыр жалпы он бештей музыкалык аспапта кол ойнотот. Алардын көпчүлүгү кыргыз улуттук музыкалык аспаптары. Муну менен катар музыкалык окуу жайларда сабак берип, улуттук музыкалык аспаптарды жасоо менен алектенет. “Стимул” программасында музыкасы дүйнөсү, анын күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.