Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин имаратынын фасады агартылып, жыйындар залы толугу менен жаңыртылды. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Эльмира Үсөнова билдирди. "Желдетүү системасы толук алмаштырылып, ар бир бөлмөдөгү кондиционерлер жаңыланды. Мунун натыйжасында имараттын тышкы көрүнүшү да жакшыра түштү. Жыйындар залындагы эмеректер жергиликтүү өндүрүштөн жасалган", — деди ал. Ал эми Жогорку Кеңештин аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Эрнис Исаков техникалык жабдууларды кореялык компания гранттын негизинде орнотуп бергенин белгиледи. Анын айтымында, жаңы система менен депутаттар 2026-жылдан тарта манжанын изи менен каттоодон өтүп, добуш берет. Ага чейин система сынамык режимде иштейт.
Чүйдө мектепке унаа айдап барган окуучуга айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 1-сентябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Бир-Булак айылында болгон. Анда мектептеги салтанаттуу иш-чарага 9-класстын окуучусу Mazda үлгүсүндөгү унааны айдап барган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кабарлашынча мектепке дароо окуучунун ата-энеси чакыртылган. Жол милициясы унааны айып короого токтотуп, 15 миң сом айып салынган.
Шаар тургунунун арызынан кийин Бишкек шаарындагы Горький көчөсүнүн айрым бөлүктөрү кайра жасалат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, социалдык тармактын колдонуучусу кайрылуу жасап, Бишкектеги Горький көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жана Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү бузулган жолдорду калыбына келтируунуөтүнгөн. Шаар мэри Айбек Жунушалиев жерине барып, подрядчы уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Горький көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин 2024-жылы жол реконструкцияланган. Подрядчылардын айтымында, жол оңдоо иштеринин мөөнөтү бир жуманы түзөт. Аталган тилкенин так жабылуу күнү кошумча маалымдалат.
Россия Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин сунуштаган глобалдык башкаруу демилгесин колдойт жана конкреттүү сунуштарды талкуулоого кызыкдар. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан "ШКУ плюс" саммитинде билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз Си Цзиньпин мырзанын жаңы, натыйжалуу жана иштей турган глобалдык башкаруу тутумун түзүү боюнча сунуштарын кылдаттык менен угуп чыктык. Бул демилге айрым мамлекеттер эл аралык мамиледе дагы деле үстөмдүк кылгысы келген бүгүнкү шартта өтө актуалдуу. Россия төрага Си Цзиньпиндин демилгесин колдойт жана кытайлык досторубуз айткан сунуштарды талкуулоого кызыкдарбыз", — деген Путин. Эске салсак, учурда Кытайдын Тяньцзинь шаарында ШКУ саммити өтүп жатат. Ага 20дан ашуун мамлекеттин башчылары жана БУУ баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.