Өлкөдө маданият үйлөрү жана китепканалар реформаланат. Буга аймактардагы китепканалар каралабай калганы, маданият үйлөрүн абалы, шарты начардыгытууралуу нааразылыктар айтылып келгени себеп. Ошондой эле бюджеттик каражатты үнөмдүү пайдалануу, калкка маалыматты жеткиликтүү кылуу максатында китепкана тармагын оптималдаштыруу чараларын көрүү зарылдыгы келип чыкты. Кайра уюштурууга же жабууга тийиш китепканаларды тандоо кандай жүрүүдө? Айрым аймактарда китепкана жабылса, маалымат жеткиликтүүлүгү кандай камсыздалат? Учурда райондук маданият үйлөрү жана айыл клубдарынын абалы кандай? Деги эле заманбап маалыматтык технологиялар өнүгүп, санариптик ресурстардын тез өскөн шартта айрыкча айыл жергесиндеги китепканалар кандай кыйынчылыктарга туш болууда? Бүгүнкү "Ачык кеп" программасында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков айтып берди.