Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын V сессиясы расмий ачылды.Мамлекеттик гимн жаңыргандан кийин парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш отурган жай толук оңдоодон өткөнүн белгилеп, үч жыл ичинде имараттын ичи-сырты, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө чейин жаңыланганын белгиледи. Соңунда жыйындар өтүүчү зал толугу менен заманбап болуп жасалганын кошумчалады.Эл өкүлдөрү сессия жылын ачып коюп эле 3-сентябрга чейин тыныгууга кетишти. Ага чейин тармактык комитеттерде иштешет. Эске салсак, Конституциянын 83-беренеси жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.
Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автожол — Түндүк" мамлекеттик ишканасы жасамай болду. Бул тууралуу мекеме кабарлады. Министрлик жолду жасоо жана бүтүрүү графигинин аткарылышына өзгөчө көңүл бурулуп, курулуш иштеринин аягына чейин коомчулукка үзгүлтүксүз маалымат берилип турарын убадалады. "Ленин көчөсүнүн узундугу 9,5 чакырым болсо, Шералиев көчөсү 2,3 чакырымды түзөт", — деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө. Буга чейин шаардагы эки негизги көчөнү "Бета групп" ЖЧКсы жасап жаткан, бирок компания ишти сапатсыз аткарып, убагында бүтүрбөй, натыйжада анын аткаруучу директору менен транспорт министринин биринчи орун басары камалды.
Ички иштер министрлиги сертификаты жок косметикалык каражаттарды жана медициналык буюмдарды контрабандалык жол менен ташып сатып жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.Маалыматта орган кызматкерлери 12ден ашык дарек боюнча тинтүү жүргүзүп, тиешелүү сертификаты жана уруксаты жок ири партиядагы косметологиялык каражаттар табылганы белгиленген. Андан тышкары, лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан косметологиялык бөлмөлөр аныкталганы айтылат. "Тергөөнүн жыйынтыгында алты киши кармалып, соттун чечими менен камакка алынышты", — деп айтылат кабарда. Андан тышкары, Бишкек шаарындагы пластикалык хирургия клиникаларынын биринде да тинтүү жүргүзүлүп, контрабанда менен келген косметикалык каражаттар табылганы кошумчаланды. Аталган клиниканын дарыгерлеринин бирине карата пластикалык операциядан жабыркаган жарандардан көптөгөн арыздар келип жатканы айтылат. Бул боюнча иш козголуп, 43 жаштагы жаран кармалган.
ШКУ өлкөлөрү конфронтацияга жана кодулоого туруштук берип, дүйнөлүк тартипти БУУнун башкаруусу менен коргошу керек. Бул тууралуу Си Цзиньпин Тяньцзиндеги ШКУга мүчө мамлекеттердин XXV отрурумун ачып жатып билдиргенин РИА Новости жазды. "Биз адилеттүүлүктү жана калыстыкты коргоп, Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхына туура көз карашты жайылтып, кансыз согуштун менталитетине, блоктук каршылашууга жана чагымчылыкка каршы турушубуз керек. Бириккен Улуттар Уюму борбордук ролду ойногон эл аралык мамилелер системасын коргошубуз зарыл", — деди Цзиньпин.