Таласта инвестициянын көлөмү өстү — жолдор, “Манас ордо”, инновациялык долбоорлор

Sputnik
2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынып, ал бардык аймактарды камтып, приоритеттүү багыттар каралган. Учурда Талас облусунун өнүктүрүү программасы кабыл алынып иштеп жатат. Анда бир катар ири инфратүзүмдүк, социалдык, туристтик долбоорлор каралган. Алсак, Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексин сактоо жана келечек муундарга жеткирүү максатында ири масштабдагы реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Таластагы иштер тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев маек курду.