"Кенде 40-50 жылга жетерлик алтын бар экенин 2012-жылы эле парламентте айткам. Себеби ошол жылы комиссиянын башында туруп, баарын текшерип келип, Кумтөрдү улутташтыруу маселесин көтөргөм. Тилекке каршы, камалып кеттим. Ал эми 2020-жылы "Кумтөрдө алтын калбай калды, аны улутташтыруунун зарылдыгы деле жок" дегеним жөн гана тактика болчу. Ошол мезгил мага абдан оор учур болду. Алдыда шайлоо турган. Мурда "Кумтөрдү алышыбыз керек" деп түрмөгө түшүп, анан түрмөдөн чыгып шайлоого бара жатып ушул сөздү айтыш 15-20 пайыз добушту жоготуу дегендик эле. Айла жок, бирок айттым. Биринчиден, шайлоого жетпей калышым мүмкүн эле. Экинчиден, эгер мен ошол учурда "Кумтөрдү алабыз" дегенимде чет өлкөлүктөр баарын ташып кетип, Кумтөр токтоп калмак", — деген өлкө башчы.