Россиялык учкучтар кыргыз элин Эгемендик күнү менен космостон куттукташты

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын космонавттары Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата космостон куттуктоо жолдошту.
Видеону президенттик администрациянын маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жарыялады.
Учкучтар президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргыз элин майрамы менен куттуктап, Кыргызстанга тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана ийгиликтерди каалашты.
Алар Кыргызстан соңку жылдарда тездик менен өнүгүп, экономикасын чыңдап, аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде өзүнүн кадыр-баркын жогорулатып келе жатканын белгилешкен.
Россиялык космонавт: Кыргызстан менен Россиянын көп жалпылыгы бар