Борбордук кинофотофоноархивден кыргыздын алгачкы тарыхчысы Белек Солтоноев тууралуу орус тилинде тартылган "Поступь скакуна" (Тулпардын мыкты касиети) аталышындагы даректүү тасма табылды. Фильм 2003-2004-жылдары Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында тартылган. Сценарийинин планын Солтоноевдин күйөө баласы, жазуучу жана илимпоз Исраил Ибрагимов жазса, тасманы небереси, белгилүү режиссер, жазуучу жана сүрөтчү Эмил Ибрагимов (каймана аты Камил Момун) тарткан.
Фильмде 1937-жылы Солтоноевго тагылган "буржуазиялык багыттагы улутчул партиянын мүчөсү", "совет бийлигине каршы кутумга катышкан", "1916-жылы элди көтөрүлүшкө чакырган", "буржуазиялык Кытайга тымызын барып келген" деген айыптар төгүндөлгөн.
Белек Солтоноев советтик кол башчы Михаил Фрунзенин тапшырмасы менен Кытайга тымызын барып, 1916-жылы Үркүн учурунда Чыгыш Түркстанга качкан кыргыздардын тизмесин түзгөн. Өмүрүн тобокелге салып нечендеген кандаштарды Ала-Тоого жашыруун качырат. Кытайдан кайткан соң кыргыздын тарыхын жазууга ынтызарлыгы күчөп, айылдарды түрө кыдырып, аксакалдарга жолугуп маалымат чогултат.
1936-жылы Кыргыз автономиялуу облусу союздук республиканын макамын алат. Бирок саясий репрессиялар күчөп, жалган жалаа менен камалгандардын саны көбөйөт. Тасмада ошол учурда Солтоноев "Кызыл кыргыз тарыхы" аттуу илимий эмгегин бүтүргөнү, репрессиядан чочулап кол жазмасынын бир нускасын Казакстандын Илимдер академиясына өткөргөнү баяндалган. Экинчи көчүрмөсүн борбор калаадагы Маданий курулуш илим-изилдөө институтунун архивине тапшырат. Ал эми түп нускасын Солтоноев досу, казак элинин атактуу жазуучусу Мухтар Ауэзовго аманат кылып таштаганы айтылат.