Өткүн өтөт. Күздүн алгачкы аптасына карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Келе жаткан аптада тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал, өлкөнүн калган аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет тараткан аба ырайынын божомолунда айтылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым күндөрү 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Чүй, Талас облустары
Негизинен апта ичинде күн ачык болот. Болгону тоолуу райондордо шаршемби, ишемби, жекшембиде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
2-3-сентябрда жана 6-сентябрда тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган күндөрү жаан-чачын болбойт. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө апта бою күн ачык болот.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Бейшемби жана жумада жаан-чачын болбойт. Башка күндөрү айрым жерлерде жамгыр себелеп турары божомолдонду.
Улуттук банк мамлекетти түптөгөн аталарга арнап коллекциялык тыйын чыгарды