1-сентябрга карата аба ырайы

1-сентябрда күндүз республиканын бардык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкө боюнча жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө 25…30, Чүйдө 24…29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 27…32, Ысык-Көлдө 19…24, Нарын чөлкөмүндө 23…28 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 26…28, Ош шаарында 29…31 градус ысыйт.
Өткүн өтөт. Күздүн алгачкы аптасына карата аба ырайы