Николай Валуев Жалал-Абаддагы жаңыланган бокс академиясына барды

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы бокс академиясынын жаңы имаратына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Спорттук объектиге үч бокс залы, административдик имарат, 300 орундуу заманбап спорт зал, ошондой эле 27 орундуу жатакана кирет. Академия спортчуларды даярдоо жана ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылары белгиленди.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы бокс академиясынын жаңы имаратына барды

2 / 5

Спорттук объектиге үч бокс залы, административдик имарат, 300 орундуу заманбап спорт зал, ошондой эле 27 орундуу жатакана кирет

3 / 5

Академия спортчуларды даярдоо жана ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылары белгиленди

4 / 5

Иш-чарага белгилүү кесипкөй боксер, оор салмактагы дүйнө чемпиону, Россиянын Мамдумасынын депутаты Николай Валуев да катышып, жаш спортчулар үчүн мастер-класс өткөрдү

5 / 5

Мамлекет башчысы спорт залдарды көрүп чыгып, жаш боксерлор, машыктыруучулар менен баарлашты, ысым жазылган бокс кол каптарына кол тамгасын коюп, чогуу сүрөткө түштү

"Курулуш Жалал-Абад мэриясынын буюртмасы менен ишке ашырылды. Каржылоо толугу менен республикалык бюджеттен жүргүзүлдү, долбоордун жалпы наркы 192 миллион сом болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекет башчысы спорт залдарды көрүп чыгып, жаш боксерлор, машыктыруучулар менен баарлашты, ысым жазылган бокс кол каптарына кол тамгасын коюп, чогуу сүрөткө түштү.
Иш-чарага белгилүү кесипкөй боксер, оор салмактагы дүйнө чемпиону, Россиянын Мамдумасынын депутаты Николай Валуев да катышып, жаш спортчулар үчүн мастер-класс өткөрдү.
Белгилей кетсек, өлкө башчы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата мектептерди жана бир катар социалдык объектилерди ачууда.
Жалал-Абадда МИК курган "Асман Резиденс-2" турак жай комплекси ачылды