Путин: Кытайда өтчү саммит ШКУнун мүмүнчүлүгүн арттырууга өбөлгө болуп берет

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россия Кытайдагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюму заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп берүү потенциалын жогорулатарына ишенет. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кытайга расмий сапарын утурлай Синьхуа агенттигине маек берип жатып айткан. Баарлашуунун текстин Кремль жарыялады.
Өлкө башчысы Москванын Пекин менен болгон мамилеси жана ШКУнун келечеги тууралуу суроолорго жооп берген.
"Алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жыйынтыгы менен уюм күчтөнүп, азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн арттырып, жалпы евразиялык мейкиндикте тилектештикти бекемдейт деп ишенебиз", — деди Путин.
Белгилей кетсек, Россия лидеринин Кытайга болгон сапары 31-августтан 3-сентябрга чейин белгиленген. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун билдиргенине караганда, Путин Тяньцзинде ШКУнун саммитине, андан кийин Пекинде Кытай элинин Япония баскынчыларына каршы согушунда жана Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жеткенинин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Кытайдын борборунда Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Андан башка да ондон ашык эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө. Анын ичинде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен сүйлөшүүлөрү пландалган.
Эске салсак, аталган саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышат. Өлкө башчынын сапары 31-августта башталары айтылган.
Путин: Россия менен Кытайдын жаңы дүйнө тартиби боюнча көз карашы бирдей