БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 31-августтан 3-сентябрга чейин Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматта КР президенти Кытайга өлкө лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтө турган салтанаттуу иш-чараларга катышары айтылат.
"ШКУ лидерлери уюмдун алкагындагы көп тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык саясат маселелерин талкуулашат. Тяньцзинь саммитинин жыйынтыгында уюмга төрагалык Кыргызстанга өтөт, буга байланыштуу мамлекет башчысы саммитте биздин өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмундагы алдыдагы төрагалыгынын артыкчылыктарын тааныштырат. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Тяньцзинь декларациясына кол коюлат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка тармактардагы өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Сапардын алкагында Жапаровдун Си Цзиньпин менен жолугушуусу күтүлүп жатат.