БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Россия менен Кытай глобалдуу көпчүлүккө таянып адилеттүү дүйнө тартибинин илгерилиши боюнча бир позицияда. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Cиньхуа агенттигине маек куруп жатып билдирди. Баарлашууну Кремль жарыялады.
Өлкө башчысы акыркы мезгилде Батыштагы бир катар мамлекеттер тарыхты бурмалап, Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын кайра карап чыгып жатканын белгилеген. Путин батыш элитасы согуш отун жаккан лидерлеринин күнөөсүн унуткартып, тарыхындагы оңтойсуз учурларын биротоло өчүрүп, реваншизм менен неонацизмди кубаттап жатканын айтты.
"Россия менен Кытай Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгынын бурмаланышын, улутчулдардын, милитаристтердин даңазаланышын кескин айыптайт", — деди Путин.
Эскерте кетсек, Кытайда 31-август жана 1-сентябрь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммити өтөт. Ага 26 өлкөнүн лидери катышары айтылып, бул жыйын уюмдун тарыхындагы эң ириси болуп калары белгиленди. Саммиттен соң Экинчи дүйнөлүк согуш жана япониялык баскынчыларга каршы согуштагы жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип, Тяньаньмэнь аянтында аскердик парад өтөт.