Эртең Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты жабык болот

Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектин "Ала-Тоо" аянты жол кыймылы үчүн жабык болорун Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматта Чүй проспекти Эркиндиктен Панфилов көчөсүнө чейин саат таңкы 5.00дө жабылып, түндө эл тараганда ачылары айтылат. Кечинде аянтта майрамга карата чоң концерт өтөт.
Милиция шаар тургундарынан маршрутту алдын ала пландап алууну өтүндү.
Жалал-Абадда МИК курган "Асман Резиденс-2" турак жай комплекси ачылды