31-августка карата аба ырайы

31-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Жекшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 23…28, Талас өрөөнүндө 20…25, Ош, Жалал-Абад аймактарында 26…31, Баткенде 25…30, Ысык-Көл жеринде 19…24, Нарын чөлкөмүндө 21…26 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 24…26, Ош шаарында 28…30, Чолпон-Атада 21…23 градусту көрсөтөт.
Эртең Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты жабык болот