Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы бокс академиясынын жаңы имаратына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Спорттук объектиге үч бокс залы, административдик имарат, 300 орундуу заманбап спорт зал, ошондой эле 27 орундуу жатакана кирет. Академия спортчуларды даярдоо жана ар кандай деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылары белгиленди. "Курулуш Жалал-Абад мэриясынын буюртмасы менен ишке ашырылды. Каржылоо толугу менен республикалык бюджеттен жүргүзүлдү, долбоордун жалпы наркы 192 миллион сом болду", — деп айтылат билдирүүдө. Мамлекет башчысы спорт залдарды көрүп чыгып, жаш боксерлор, машыктыруучулар менен баарлашты, ысым жазылган бокс кол каптарына кол тамгасын коюп, чогуу сүрөткө түштү. Иш-чарага белгилүү кесипкөй боксер, оор салмактагы дүйнө чемпиону, Россиянын Мамдумасынын депутаты Николай Валуев да катышып, жаш спортчулар үчүн мастер-класс өткөрдү. Белгилей кетсек, өлкө башчы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата мектептерди жана бир катар социалдык объектилерди ачууда.
Медициналык адистерди даярдоо менен шугулданган жеке менчик структураларды текшерүүдө алардын көпчүлүгүнүн керектүү клиникалык базасы жок болуп чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын консультанты Галина Байтерек социалдык түйүндөгү баракчасына жазды. Ал өлкө башчысы кол койгон "Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө" жарлыктын күнгөй-тескейин түшүндүрүп жатып, менчик окуу жайлардын көбүнүн окутуучулары квалификациялык талаптарга жооп бербей турганын, окуу процесси формалдуу диплом берүүгө гана багытталганын белгилеген. "Чынын айтсам, жеке менчик университеттерде медициналык кадрларды даярдоо — бул билим берүү процесси эмес. Биринчи кезекте бул бизнес. Мында баарын акча чечет. Текшергенде ондогон чет өлкөлүк студент формалдуу түрдө гана окушары аныкталган. Айрымдары өлкөгө келбей туруп эле дипломдуу дарыгер болуп калышат", — деп жазган ал. Байтерек өлкөдө акыркы жылдары билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алган жеке менчик медициналык билим берүү уюмдарынын саны тездик менен өсүп жатканын кошумчалаган.
31-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектин "Ала-Тоо" аянты жол кыймылы үчүн жабык болорун Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы билдирди. Маалыматта Чүй проспекти Эркиндиктен Панфилов көчөсүнө чейин саат таңкы 5.00дө жабылып, түндө эл тараганда ачылары айтылат. Кечинде аянтта майрамга карата чоң концерт өтөт. Милиция шаар тургундарынан маршрутту алдын ала пландап алууну өтүндү.