Россия Кыргызстанда кура турган заманбап үч мектеп 2027-жылдын 1-сентябрында ачылат. Бул тууралуу Россия президентинин аймактар аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн Россиядан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата чоң делегация келди. Топ Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Жалпы жонунан Россия Кыргызстанга заман талабына жооп берген тогуз заманбап мектеп курары айтылган.
Улуттук банк ушул жылдын 1-сентябрынан тартып "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкы билдирди. Маалыматта аталган коллекциялык тыйын азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын эмгегин жана ролун таанытуу максатында чыгарылганы айтылат. Алардын маданиятты, билимди жана экономиканы өнүктүрүүгө багытталган талыкпаган эмгеги, көз карандысыз өлкө куруудагы күрөшү эгемен Кыргызстанды түзүүгө баа жеткис салым кошкону белгиленген. "Тыйындын алдыңкы бетинде мамлекеттик тууну тегерете Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдин портреттери түшүрүлдү. Ал эми аркасында керегенин элесин берген алкакта түндүк жайгашып, анын бетине герб бар. Мындан тышкары, тыйындын салмагы, металлдын сапат белгиси? чыгарылган жылы чагылдырылган", — деп айтылат маалыматта. 10 сом номиналындагы коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Аны Улуттук банктын кассаларынан же нумизматикалык баалуулуктарды саткан веб-сайтынан 10 540 сомдон сатып алса болот.
Кыргыз балетинде жаштар материалдык колдоого муктаж. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын балетмейстери Айзада Тумакова билдирди.Ал балет бийчилери маянанын аздыгына карабай иштеп жатышканын белгиледи. "Маянабыз абдан аз. Социалдык жактан да шарт жок болуп жатат. Мурда биздин бийчилерге жатакана берчү. Азыр окуу жайды бүтүп келген улан-кыздардын жашай турган жери жок. Аймактардан келгендер аргасыз чогулуп батирге чыгат же туугандарыныкына жашашат. Айла жок. Мекенчилдик сезим күчтүү, бирок жашоо-тиричилик да керек экен. Материалдык жактан кыйналып көп жаштар кетип калууда. Менчик балет компанияларында иштеп келүүгө мажбур болушат", — деди Тумакова. Ал балет тармагында көйгөйлүү маселелер көп экенин кошумчалады.