Маалымат булак: ырчы Улукманапо 65 жаштагы карыяга кол көтөрдү деп шектелүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Улукманапо (Улукман Осмоналиев) 65 жаштагы карыяга кол көтөрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Ленин райондук ИИББ Бишкек шаарындагы бала бакчалардын биринде 28-август күнү саат 16:30 чамасында чыр чыкканын тастыктады. Алдын ала маалымат боюнча, мекеменин 65 жаштагы күзөтчүсү менен 33 жаштагы У.О. ортосунда пикир келишпестик жаралган.
“Ырчынын 2 жашар баласы Бишкектеги бала бакчалардын биринин аймагына кирген. Артынан атасы келген. Күзөтчү эгер бала ооруса, инфекция башка бөбөктөргө өтүшү мүмкүн экенин түшүндүргөн. Натыйжада бала бакчанын 65 жаштагы күзөтчүсү Б.Д. менен 33 жаштагы У.О. ортосунда чыр чыгып, У.О. карыяга кол көтөргөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Факт Ленин районунун Ички иштер башкармалыгында катталды, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.
Бишкекте 15 жаштагы кызды сабап, баңгизат берип сойкулукка мажбурлашкан