ЖМК: Трамп Зеленский менен Европага нааразы

Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча ишке ашпай турган талап койгон Владимир Зеленский менен Европага нааразы. Бул тууралуу Atlantic журналы Ак үйдөгү аткаминерлерге таянып жазганын РИА Новости билдирди.
"Трамп Зеленскийге жана Европага ичи чыкпай турат. Президент алардын койгон талаптарын "реалдуу эмес" деп эсептейт. Киев аймагындагы чыр-чатакты токтотуу үчүн территориясынын бир бөлүгүнөн ажырашы керектигине моюн сунушу керек", — деп айтылат кабарда.
Басылманын маалыматы боюнча, АКШ лидери өзүнүн айрым аракеттери менен өлкө ичиндеги колдоочуларын жоготкусу келбейт. Болгону жаңжалды токтотууну башкы максат деп билет. Анын кандай жол менен ишке ашары көп деле мааниге ээ эмес экени белгиленген. Ошол эле учурда Европа өлкөлөрү Россия менен АКШнын кризисти жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн чоо-жайынан кабары жок экенин айтып даттанышканы кошумчаланды.
Бейшемби күнү Ак үйдүн маалымат катчысы Каролин Левитт Вашингтон Москва менен Киевдин азыркы кырдаалда жаңжалды токтотууга даяр эмес болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарбай турганын белгиледи. Ал Трамптын Украина боюнча кийинчерээк "кошумча билдирүү" жасоого ниеттенип жатканын айтты.

Украина боюнча сүйлөшүүлөр

Ушул жылдын 15-августунда АКШ президенти Дональд Трамп менен Россия лидери Владимир Путин Аляскада жолугуп, үч саатка чукул сүйлөшүшкөн. Тараптар Украина көйгөйүн жөнгө салуу жаатында биргелешип иштөөгө даярдыгын билдиришкен. Бүтүндөй дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган окуядан кийин өлкө башчылар чогуу маалымат жыйын өткөрүп, сүйлөшүү конструктивдүү маанайда, мазмундуу болгонун айтышкан.
18-августта Трамп Вашингтондо Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрүп, эки тараптуу жолугушуудан кийин Европа лидерлери катышкан жыйын болгон. Анда Киевдин коопсуздук кепилдиктери талкууланган.
Эртеси күнү президент Трамп Франция, Германия жана Британиянын Украинага аскерлерин жайгаштыруу ниети бар экенин билдирген. Ошол эле учурда Американын коопсуздук күчтөрү ал жакта болбой турганы белгиленген болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Акча соро берген саз". Вэнс Байдендин тушундагы Украинаны сүрөттөрдү