БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Кабул менен иштөөнү активдештирүү үчүн байланыш көпүрөсү боло турган Афганстан — ШКУ тобун түзүүнү сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Экономикалык маселелерде алдыга жылуу үчүн биринчи иретте афган рыногуна чыга турчу экономика операторлорунун коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын Кабул жакшы түшүнүп турат", — деген ал.
Шойгунун айтымында, аймактагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Кабул менен активдүү иш алып барып жаткандыгы бүгүнкү күндүн чындыгын көрсөтүп турат. Анын айтымында, Россия менен Афганстандын коңшу өлкөлөрү анын эгемен жана террорчулуктан, согуштан, баңгизаттан арылган эркин мамлекет катары калыбына келтирилиши жана туруктуу өнүгүшү маанилүү деген пикирде.
"Ушул жагдайдан алып караганда Афганстандын ШКУ менен мамилесин жандандырууну ойлончу учур келди. Мисалы, тиешелүү көпүрө болгон топтун ишин баштоо менен кадам ташташ керек", — деген ал.
Аталган мамлекеттин азыркы анча дурус эмес абалын эске салган Шойгу Россия бул өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин айткан. Ал Афганстандын өнүгүшүнө Батыш тоскоолдук кылып жатканын, өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, гуманитардык жардам кылууну саясатташтырып жибергенин белгилеген.
"Көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн өлкөнүн согуштан кийин калыбына келиши үчүн жоопкерчиликти жана негизги жүктү Батыш мамлекеттери көтөрүшү керек. Алардын колунда, айтмакчы, азыр Афганстандын мамлекеттик резервдеринен болжол менен 9 миллиард доллар тоңдурулуп турат. Бул чоң сумма, өлкөнүн өз алдынча өнүгүү жолуна түшүп жаткан учурдагы курч социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө жардам бере алмак", — деген Шойгу.