Россиялык космонавт: Кыргызстан менен Россиянын көп жалпылыгы бар

Sputnik
ОШ, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын көп жалпылыгы бар. Бул тууралуу россиялык космонавт Денис Матвеев Ош шаарындагы Валентина Терешкова атындагы жатак мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышып жатып билдирди.
Ал эки өлкөнүн маданий жана билим берүүдөгү байланыштарын бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолгон.
"Бизди жалпы тарых, бир мамлекет болуп эсептелген убакыт бириктирип турат. Бүгүн Кыргызстанга келдик, орус тилинде сүйлөшүп жатабыз. Мунун баары мамлекеттерибиздин көп жалпылыгы бар экенин айгинелеп турат", — деди Матвеев.
Эскерте кетсек, бүгүн Ош шаарында биринчи аял-космонавт Валентина Терешкованын атын алып жүргөн мектептин жаңы имаратынын ачылыш салтанаты өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, онлайн-форматта Валентина Терешкова катышты. Мектеп 700 окуучуга ылайыкташкан, жатаканасы 500 орундуу. Имарат 2,13 гектар жерде жайгашкан.
Жапаров Ошто Терешкова атындагы мектеп менен бирге 100 соцобъект ачты. Видео