БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Россия Кыргызстанда кура турган заманбап үч мектеп 2027-жылдын 1-сентябрында ачылат. Бул тууралуу Россия президентинин аймактар аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн Россиядан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата чоң делегация келди. Топ Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Делегацияны баштап келген Масловдун кебинин урунттуу учурлары:
Россия Кыргызстанга, анын ичинде билим берүү деңгээлин жогорулатууга жардам берүүгө ар дайым даяр;
жаңы мектепке келе турган балдар сапаттуу билим алышы үчүн лабораториялар жана жогорку технологиялык жабдуулар орнотулат;
өлкөнүн бардык окуу жайларын Кыргызстандын талаптарына ылайыкташтырылган орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери менен камсыздоо программасы ушул мектептен башталат. Бүгүн "Просвещение" басмаканасы китептердин биринчи бөлүгүн тартуулады.
Жалпы жонунан Россия Кыргызстанга заман талабына жооп берген тогуз мектеп курары айтылган.