БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Быйыл Жалал-Абад шаарында белгилене турган эгемендүүлүк күнүн утурлай Ош шаарына Россиядан чоң делегация келди.
Аларды РФ президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Игорь Маслов жетектеп жүрөт.
Топтун курамында Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары Ирина Роднина, белгилүү мушкер, депутат Николай Валуев, космонавттар Фёдор Юрчихин менен Денис Матвеев, шахматчы Сергей Карякин баштаган коноктор бар.
Делегация өз иш сапарын Ош шаарындагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектеп-интернатына баруу менен баштады.
Буга чейин Россиянын "Русская Лампада" кайрымдуулук фонду аталган мектеп-интернатка жалпы наркы жети миллион рублди түзгөн интерактивдүү панелдерди, тамга терген машинка жана Брайль шрифттери менен принтерлерди белек кылган болчу.
Социалдык мекемеге барган коноктор окутуучулар менен кошулуп ырдап, бийлеп балдардын көңүлүн ачып үлгүрүштү. Россиянын Федерация кеңешинин илим, билим жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова мугалимдердин талыкпаган эмгеги өзгөчө балдардын турмушта чоң ийгиликтерге жетишерине үмүт берерин билдирген.
Белгилей кетсек, стратегиялык өнөктөш өлкөдөн келген делегация Ош жана Жалал-Абад шаарларында өтө турган бир катар иш-чараларга, анын ичинде Валентина Терешкова атындагы жаңы мектеп-интернаттын ачылышына да катышат.