БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Нарын облусунда кийик аткан адамдар аныкталып, 640 миң сомдук айып салынды. Бул тууралуу NABU уюму кабарлады.
Маалыматка караганда, 28-август күнү Арпа өрөөнүндөгү Сөөк жайлоосунда мыйзамсыз аң уулоо менен алектенген адамдар кармалган. Алар эки тоо эчкисин аткан. Бул факт NABU уюмунун "Барс" тобунун кызматкерлери, Жаратылыш министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун аңчы адистери жана егерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын рейддин негизинде аныкталган.
© Фото / Немецкий союз охраны природы в Кыргызстане (NABU)
"Жергиликтүү тургундардын бири атып алган эчкинин этин жашыруу максатында суу жээгине ыргытып жиберген. Ал эми экинчи эчкинин эти кой короосунда илинип турган жеринен алынды", — деп айтылат маалыматта.
Жеринде акт түзүлүп, атылган эчкинин эти далил буюм катары Ат-Башы РИИБге териштирүү максатында өткөрүп берилген. Жаныбарды аткан адамдарга 20 миң сомдон административдик айып пул салынып, 300 миң сомдон доо коюлду. Жалпы 640 миң сом айып салынды.
Рейддин алкагында жергиликтүү тургундарга жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлгөн.