БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Медициналык адистерди даярдоо менен шугулданган жеке менчик структураларды текшерүүдө алардын көпчүлүгүнүн керектүү клиникалык базасы жок болуп чыкты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын консультанты Галина Байтерек социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
Ал өлкө башчысы кол койгон "Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө" жарлыктын күнгөй-тескейин түшүндүрүп жатып, менчик окуу жайлардын көбүнүн окутуучулары квалификациялык талаптарга жооп бербей турганын, окуу процесси формалдуу диплом берүүгө гана багытталганын белгилеген.
"Чынын айтсам, жеке менчик университеттерде медициналык кадрларды даярдоо — бул билим берүү процесси эмес. Биринчи кезекте, бул бизнес. Мында баарын акча чечет. Текшергенде ондогон чет өлкөлүк студент формалдуу түрдө гана окушары аныкталган. Айрымдары өлкөгө келбей туруп эле дипломдуу дарыгер болуп калышат", — деп жазган ал.
Байтерек өлкөдө акыркы жылдары билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алган жеке менчик медициналык билим берүү уюмдарынын саны тездик менен өсүп жатканын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, президент кол койгон жарлыкка ылайык, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияга өгөчө укук берилди. Жалгыз гана ушул мекеме мамлекеттик жогорку окуу жай катары медицина жана фармацевтика адистерин даярдайт. Менчик окуу жай аккредитациядан ийгиликтүү өтсө, аталган академиянын филиалдары же түзүмдүк бөлүмү катары ишин улантат. Ал эми аккредитациядан өтпөй калгандары жогорку окуу жайына чейинки даярдоо курсу катары гана ишин уланта алат. Бирок анда дагы академиянын көзөмөлүндө болот.