БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Лондондун ойдон чыгарып күнөөлөп, кыргызстандык компанияларга каршы улантып жаткан чектөөлөрүн кескин айыптаса болот. Мындай пикирин Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирген.
"Ички жана тышкы саясатын эркин жүргүзүп жаткан эгемен өлкөлөргө каршы Улуу Британиянын ойдон чыгарылган айыптоолору менен киргизип жаткан мыйзамсыз чектөөлөрү кескин сындоого татыктуу. Бул сапар Британиянын санкциялар тизмесине кыргызстандык жеке адамдар да, юридикалык тараптар да киргизилди. Лондондун аларга койгон бардык айыптоолору мурдагыдай негизсиз. Так жана объективдүү далилдери жок, тастыкталган эмес", — деген Захарова.
Анын айтымында, англистердин Россияга "санкция салуу фантазиясы" түгөнгөндүктөн, Лондон эми Москванын КМШ аймагындагы өнөктөштөрүнө тап койду. Андан сырткары, "океандын ары жагындагы үлкөн агасына", тагыраагы, АКШга жүгүнгөндүгү.
"Өзүнүн мыйзамсыз кадамдары менен эл аралык соода экономикалык байланыштарга бөгөт коюп, дүйнөлүк экономиканы чайпалтып жаткандыктары аларды бетин кызартпайт", — деген Захарова.
Эске салсак, Британиянын Финансы министри 20-августта "Борбордук Азия Капитал Банкына" санкция киргизгени маалым болгон. Себеп катары финансылык мекеме Россияга карата батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бериши мүмкүн деп айтылган. РИА бул тизмеге Tengricoin, Grinex жана Old Vector компанияларын кошту.