БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 30-август, ишембиде, республиканын айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +25...+30, Нарын өрөөнүндө +26...+31 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Ата шаарында +25...+27 градуска көтөрүлөт.