Мыйзамсыз балык уулоонун кесепети - Өлкөдөгү 7 ири суу сактагычта балык кармоого тыюу салуу сунушталды

Sputnik
Өлкөдөгү 7 ири суу сактагычта үч жылга балык кармоого тыюу салуу сунушталууда. Демилгечи айыл чарба министрлиги Токтогул, Базар-Коргон, Киров, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр жана Үч-Коргон суу сактагычтарында балык азайганын кабарлады. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында бул мораторийди киргизүү сунушу эмнеден улам көтөрүлгөнүн жана Балыктардын азайышынын негизги себептери эмнелер экенин Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Балык өнөр-жай комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу айтып берди.