Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жаңы ачылып жаткан “Евразия” паркы — заманбап эс алуучу жай эле эмес, шаардыктардын, айылдан келген наристелерибиздин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык долбоор. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аталган оюн-зоок жайынын ачылышында айтты. Өлкө башчысы инвестициялык климат жакшырган бүгүнкүдөй шартта каражат жалаң эле өндүрүш ишканаларына багытталбай, социалдык долбоорлорго да салына баштаганын белгиледи.Президент бүгүнкү күндө Бишкек шаары өнүгүү жолуна түшкөнүн, жаӊы имараттар, заманбап инфратүзүмдүк объектилер курулуп, жолдор оӊдолуп, шаар көрктөндүрүлүп, бир кездеги кооз жана жашыл калаа келбетине кайтып баратканына токтолду. “Евразия” паркы 10 гектар жерге түштү. Мындай масштабдуу оюн-зоок жайы Борбор Азия боюнча Кыргызстанда алгачкы болуп салынды.
Президент Садыр Жапаров “Медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополия киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жарлык медицина жана фармацевтика багытындагы кадрларды даярдоо системасын түп-тамырынан жаңылоого багытталган. Жарлык менен мындай чаралар белгиленген: Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өзгөчө укук берүү менен медицина чөйрөсүндө адистерди даярдоого мамлекеттик монополия киргизилет. Жогорку медициналык окуу жайлар үчүн мамлекеттик аккредитация институту киргизилет; Медициналык билим берүүдө ачык-айкындуулук камсыздалып, коррупциялык тобокелдиктер минималдаштырылат; Жеке медициналык окуу жайлардын лицензиялык, аккредитациялык жана квалификациялык талаптарга шайкештигин баалоо үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия түзүлөт.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев окуу жылы башталып жатканда көчөлөр эмнеге казылып, автотыгын, чаң сыяктуу ыңгайсыздык жаратып жатканына түшүндүрмө берди. Калаа башчысы Бишкектеги азыркы инфраструктура 400 миң кишиге ылайыкталганын, бирок ушу тапта миллиондон ашык адам жашай турганын белгиледи. Эгер бул инфраструктура жаңыртылбаса, беш жылдан кийин шаарда транспорттук жана коммуналдык болуп көрбөгөндөй көйгөй жаралышы ыктымалдыгын билдирген."Түшүнүп турам, тыгын, ызы-чуу болот, чаңдайт. Бирок азыр чыдап, сабыр кылып койбосок, бул келечекте чоң көйгөйгө айланат. Андыктан түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм," — деген Жунушалиев шаардыктарга кайрылып.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Кабул менен иштөөнү активдештирүү үчүн байланыш көпүрөсү боло турган Афганстан — ШКУ тобун түзүүнү сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Экономикалык маселелерде алдыга жылуу үчүн биринчи иретте афган рыногуна чыга турчу экономика операторлорунун коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгын Кабул жакшы түшүнүп турат", — деген ал. Шойгунун айтымында, аймактагы мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Кабул менен активдүү иш алып барып жаткандыгы бүгүнкү күндүн чындыгын көрсөтүп турат. Анын айтымында, Россия менен Афганстандын коңшу өлкөлөрү анын эгемен жана террорчулуктан, согуштан, баңгизаттан арылган эркин мамлекет катары калыбына келтирилиши жана туруктуу өнүгүшү маанилүү деген пикирде.