«Кыргыз жаратылышын кайра жандандыруу: Жейрендерди кайтаруу боюнча “Аргали” фондунун тажрыйбасы

Sputnik
Буга чейин Тоң районунда багылып жаткан 30 жейрен жаратылышка кое берилгени тууралуу маалымат жарык көргөн. Калгандары кийинки жылы облустун башка, шарты туура келген жерлерине жайылтылат. 2021-2022-жылдары Өзбекстандан алып келинген 25 жейрендин саны учурда 70ке жеткен. Учурда 40 жейрен бар, эми өлкөнүн башка аймактарын изилдеп кийинки жылдары алар да улам коё берилет. Учурда коё берилген жейрендер JPSтин жардамы менен кайда жүргөнү онлайн көзөмөлдөнүүдө. Мунун баары мейманыбыз Аскар Давлетбаковдун бир канча жылдан берки эмгегинин акыбети. Буга чейин жарытылшка коё бериле турган 6 жаныбарга GPS каргылар тагылып, көзөмөлдөнөрү кабарланган. Жейрендер Кыргызстанда 1980-жылдары эле браконьерлердин кесепетинен жок калган.
Программанын меймандары учурда өлкөнүн аймагынан жок кылынган кундузду да каражат табылса ушундай жол менен калыбына келтирүү маселеси турганын билдирди.