БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Экинчи дүйнөлүк согуш жана Япониялык баскынчыларга каршы согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Пекинге 26 чет элдик лидер келет. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматта меймандар 3-сентябрь күнү Тяньаньмэнь аянтында Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга күбө болушат.
Белгилей кетсек, аталган салтанат Тяньцзинь шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитин улай болмокчу. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да чакырылган.
Күз айынын башы менен Пекинге Россия, Түндүк Корея, Пакистан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Беларусь, Азербайжан, Армения, Сербия, Словакия, Индонезия, Малайзия, Куба, Камбоджа, Вьетнам, Лаос, Непал, Монголия, Мальдив аралдары, Конго, Зимбабве, Мьянманын лидерлери чогулат.