БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Жозеф Байдендин бийлиги учурунда Украина "акча соро берген саз" болгон. Бул туурасында вице-президент Жей Ди Вэнс USA Today басылмасына берген интервьюсунда айткан.
"(Украина — ред.) көйгөйдү чечиш үчүн акчаны таштай берген кызыктай бир кургуйга окшош эле, анда маселени чечип жөнгө салуу үчүн эч кандай реалдуу пландар жок болчу. Бул мени дайыма кыжалат кылчу", — деген ал.
Вэнстин айтымында, мурдагы администрация Владимир Зеленскийге "эч кандай так максат жана дипломатиясыз эле" жана "жүз миллиард долларга эмне сатып алуу боюнча эч кандай чыныгы түшүнүгү жок туруп" каражат берген.
Киевге курал сатуу боюнча жаңы схема
Дональд Трамп дүйшөмбүдө билдиргендей, АКШ эми украин жаңжалына акча коротпойт, анын ордуна куралды НАТО өлкөлөрүнө сатып жатат. Ал жаңжалды жөнгө салууда жылыш болбосо Россияга да, Украинага да санкция киргизерин эскертип, бул маселени "абдан тез" бүтүргүсү келерин айтты.
Июлдун ортосунда Америка лидери Украинага аскердик жардамдын жаңы схемасын жарыялаган. Ага таянсак, Вашингтон куралды НАТОдогу европалык союздаштарына сатат, алар акчасын төлөп, андан соң Киевге өткөрүп беришет. Биринчи топтомго ракеталар гана эмес, Patriot комплекстери да кирет. Айрым өлкөлөр өздөрүнүн системаларын Украинага жөнөтүшөт, андан кийин АКШ алардын арсеналын толуктайт деп күтүлүүдө.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков белгилегендей, Трамптын планы — бизнес. Ал эми Европа отко май чачып, согушту каржылаганга эсепсиз акча коротууда. Москва АКШнын алыскы аралыкка атуучу ракеталарын Киевге берүү тууралуу азырынча кеп боло элек деген пикирде.