БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Венгрия Евробиримдикти сотко берди, анткени ал Россиянын активдеринен түшкөн пайданы Будапешттин макулдугусуз эле Украинага төлөп берген. Бул туурасында Portfolio басылмасы билдирди.
Маалыматка караганда, венгр бийлиги 2024-жылдын май айында ЕБ кеңеши кабыл алган чечимге каршы чыгып жатат. Ага ылайык, Россиянын тоңдурулган активдеринин 99,7 пайызы Европа тынчтык фондуна (EPF) жөнөтүлүп, 2025-жылдын февралында фонд ал акчаны Украинага берген. Бул чечимге Будапешт каршы, анткени аталган өлкөнүн пикири эске алынган эмес. Венгриядан бул фондго "салым кошуучу мамлекет" болуп эсептелбестигин эске салышкан.
ЖМК белгилегендей, соттун чечими прецедент жаратышы мүмкүн. Анткени эгер Венгрия сотто утуп чыкса, мындай жараян кайра колдоого алынбайт жана ЕБ кеңешиндеги ушуга окшош добуш берүүлөр өз-өзүнчө каралышы керек болот. Кокус Будапешт утулуп калса, анын вето укугун ушундай жол менен келечекте да айланып өтүү мүмкүнчүлүгү сакталып калат.