174 жыл мурда курулган Петербург — Москва темир жол баяны. Видео

1851-жылдын 28-августунда Петербург менен Москванын ортосундагы биринчи темир жол ачылган. XIX кылымда транспорттук негизги жол кантип салынганын жана бүгүн Россияга кантип кызмат кылгандыгын Sputnik Ближнее зарубежье баяндап берет.
Sputnik
Бул Россия империясындагы өтө баалуу, каршы-терши кете турган темир жолдун алгачкысы болгон. Аны 800 миңден ашык жумушчу салган. Жол боюна 34 станция курулуп, 200дөн ашык көпүрө тургузулуп, телеграф линиясы тартылган. Бул жерде Россияда алгачкы ирет төрт буу экскаватору жана узун устундарды кагуучу машина (копёр) колдонулган. Ошол эле маалда Николаев жолуна башка темир жол линиялары да кошулган.
Жаңы темир жолду алгач сыноодон аскерлер өткөргөн. Петербургдан Москвага лейб-гвардиянын атактуу Кавалергард жана Атчан полкторунун эки эскадрону, гвардиялык артиллериянын бир дивизиону жеткирилет. Алардын ичинде Преображенский жана Семёнов полкторунун эки батальону да болгон.
1923-жылы темир жолдун аталышын "Октябрь" деп өзгөртүшөт. 1931-жылы 31-июнда биринчи ирет символикалык багытка айланган "Кызыл Жебе" аттуу классикалык экспрессти тосуп алган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында "Жеңиш жолу" дал ушул темир жол аркылуу өткөн. Бул ири темир жол Ленинград курчоосу үзүлгөндөн кийин дароо курулуп, Поляны станциясын бошотулган Шлиссельбург менен туташтырган.
Шлиссельбург — Ладога көлүнүн чыгыш жагында жайгашкан шаар. Ал Ленинград курчоосун жеңүүдө стратегиялык мааниге ээ эле. Шлиссельбург логистикалык борбор катары блокада учурунда жана кийин темир жол аркылуу азык-түлүк жеткирүүдө чоң роль ойногон.
Жылдар өттү... 2009-жылы өтө ылдамдык менен жүргөн "Сапсан" поезди бул жолдо рекорддук ылдамдыкты көрсөтүп, саатына 290 чакырымды басып, зымырады.