БОСТЕРИ, 28-авг. — Sputnik. Өспүрүмдөр жана жаштар үчүн наркобизнеске катышуу көбүнчө "оюнга" айланып кетет. Анткени алар жашырылган жерлерди издешет. Бул тууралуу журналисттерге ЖККУ органдарынын биологиялык коопсуздук маселелери боюнча координациялык кеңешинин жыйынында уюмдун катчылыгынын кеңешчиси Михаил Мелихов билдирди.
Анын айтымында, баңгизаттын эң аялуу катмар болуп саналган жаштарга тийгизген таасирин азайтууга өзгөчө көңүл бурулууда.
"Көптөр бул жол аркылуу кошумча акча таап, кийин андан чыга албай туңгуюкка кептелет. Баңгилик тармагынын өздөрүнүн күч түзүмдөрү болот. Алар эреже бузгандарды катуу жазалашат. Бүгүнкү күндө баңгизат бизнесинин түзүмү өзгөрдү. Мурда криминал менен жеке жолугушуулар болуп турса, азыр соода толугу менен аралыктан иштөө форматына өттү. Мындан улам укук коргоо органдарынын ыкмалары да жаңырды. Финчалгындоо менен өз ара кызматташуунун аркасында баңгизат керектөөчүсүнө эмес, түздөн-түз уюштуруучуларына чыгууга мүмкүн болууда. Россия, Казакстан жана Кыргызстандын биргелешкен операциялары натыйжа бере баштады", — деди Мелихов.
Ал белгилегендей, эксперттердин баалоосу боюнча, жыл сайын ЖККУга мүчө өлкөлөрдө баңгизатка ууланып 10 миңге жакын адам каза болот.
"Баңгизат боюнча абал олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп жатат. Бүгүнкү күндө негизги басым синтетикалык заттарга жасалууда. Аларды өндүрүү үчүн өсүмдүк сырьёсу талап кылынбайт. Болгону чет өлкөдөн прекурсорлорду алып келип, баңгизатты инструкция боюнча "чогултуу" жетиштүү. Жыйынтыгында жакынкы аймактар психикага кыйратуучу таасир берген өтө кооптуу препараттарга толуп калып жатат. Керектөөчүлөрдө көп учурда оор психоздор пайда болот. Бул маселе ЖККУга мүчө мамлекеттердин башкы наркологдорунун координациялык кеңешмесинде талкууланды", — деди Мелихов.
Эксперттин айтымында, Кыргызстанда жапайы жана маданий кара куурай плантацияларын аныктоо үчүн учкучсуз учуучу аппараттар активдүү колдонулууда. Мындай технологиялар жетүүгө кыйын болгон аймактардагы мыйзамсыз өстүрүлгөн кара куурайды аныктоого мүмкүндүк берет.